Бүгүн, 18-мартта курулуш министри Нурдан Орунтаев Манас шаарындагы курулуш объектилери боюнча жыйын өткөрдү.
Аталган министрликтен билдиришкендей, текшерүүдө айрым объектилерде каржылык мыйзам бузуулар аныкталып, 6,8 миллиард сомдук филармониянын курулушу убактылуу токтотулду.
Мындан ары бир катар ири объектилер Курулуш министрлигинин түз көзөмөлүнө өтөт. Ошондой эле Сузак району жана Чаткал районундагы айрым курулуштар да көзөмөлгө алынат.
Бул чаралар курулуштагы тартипти күчөтүү жана каражаттарды туура пайдалануу максатында жүргүзүлүүдө.