Бүгүн, 18-мартта “Тунгуч” театрында борбор калаанын мугалимдеринин катышуусунда Ноорузга арналган “Сармерден” таймашы уюштурулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышып, мугалимдерди майрам менен куттуктап, алардын коомдогу ролун жогору баалады.
Таймашка аялдар жана эркектер командалары катышып, катышуучулар чыгармачылыгын жана улуттук салттарды билүүсүн көрсөтүштү.
Жыйынтыгында Ленин районунун эркектер командасы жеңүүчү аталып, Октябрь районунун аялдар командасы экинчи орунду ээледи.