Бишкексууканал 19-мартка пландалган “Көк-Жар” суу топтомосундагы оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү сууну өчүрүү белгисиз мөөнөткө жылдырылганын билдирди.
Маалыматка ылайык, суу берүү чектелчү аймактар мурдагыдай эле белгиленген, бирок өчүрүү убактысы боюнча кошумча маалымат кийинчерээк жарыяланат.
Ишкана жарандардан түшүнүү менен мамиле кылууну суранып, жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.