Биз социалдык тармакта

Ош шаарында төрт эм төрөлдү

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында 12-март күнү төрт эм дүйнөгө келди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Араван районунун Дөбө-Коргон айыл аймагынан 26 жаштагы аял кош бойлуулуктун 32-жумасында эрте төрөт коркунучу менен келген. Бул анын биринчи төрөтү.

Оорукананын директору Атабек Жумалиевдин маалыматына ылайык, учурда эненин да, наристелердин да абалы канааттандырарлык. Үйгө чыгаруу 23-мартка пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан