Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 116-чакырымында жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы 19-мартта билдирди.
Маалым болгондой, кырсык кечээ, 18-мартта катталган. Анда жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жол жээкте токтоп турган унаанын чиркегичин сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 61 жаштагы киши каза болгон. Кырсык болгон жерге барган 4 куткаруучу маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген.