Биз социалдык тармакта

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн жанында дрифт уюштурган өспүрүм аныкталды (видео)

Бишкекте коомдук тартипти одоно бузуп, көп кабаттуу үйлөрдүн жанында автобейбаштык аракеттерин жасаган өспүрүм аныкталды.

Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, окуя 27-февралда таңкы саат 06:30 чамасында болгон. Анда BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу дрифт уюштуруп, жарандардын тынчтыгын бузган.

Издөө иштеринин натыйжасында, транспорт каражаты жана айдоочунун өздүгү аныкталды. Ал өспүрүм болуп чыгып, унааны чоңдордун көзөмөлүсүз башкарган.

Учурда автоунаа айып короосуна токтотулуп, айдоочуга карата укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү.

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн жанында дрифт уюштурган өспүрүм аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан