Кыргызстан дүйнөдө аял депутаттардын саны боюнча биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Марлен Маматалиев билдирди.
"Бириккен Улуттар Уюмунда Кыргызстандын парламентиндеги айымдардын саны боюнча пикир болгон. Анын алкагында биз дүйнөдө биринчи орунда турабыз. Ошондой эле, кечээ Жогорку Кеңештеги аял депутаттардын саны 31ге жетип, бул биздин жетишкендикти дагы да бекемдеди.
Белгилей кетүүчү нерсе, аялдардын 30 пайыздык өкүлчүлүгү Жогорку Кеңештин президиумунда да, комитеттерде да, эл аралык достук топторунда да сакталууда. Бул биздин өлкөдө аялдарды урматтап, баалашарын көрсөтөт",- деди Маматалиев.