Биз социалдык тармакта

Улан Ниязбеков майрам алдында катуу талаптарды койду. Эмне кеп?

Бүгүн, 19-мартта Ички иштер министрлигинде онлайн кеңешме өтүп, ага министр Улан Ниязбеков жана аймактык ички иштер органдарынын жетекчилери катышты.

Министрликтин басма сөз кызматы белгилегендей, 20-22-март күндөрү коомдук жайларда, мечиттердин айланасында жана майрамдык иш-чаралар өтө турган жерлерде коопсуздук күчөтүлөт. Жалпысынан бул ишке 12 миңден ашуун милиция кызматкери тартылат.

Министр майрамдык иш-чаралардын тынч өтүшүн камсыздоо, жол коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу жана чыр-чатактарды алдын алуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле жалган маалыматтарды жана чагымчыл аракеттерди өз убагында аныктап, бөгөт коюу керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан