Таластагы "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү пунктунда акциздик маркасы жана коштомо документтери жок тамеки продукциясы аныкталды. Бул боюнча Салык кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, текшерүүдө "Орис" маркасындагы 950 даана (9 миң 500 куту) тамеки табылган.
Бул факт боюнча материалдар жана товарлар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.