Биз социалдык тармакта

Чүйдө бирөөнүн ири өлчөмдөгү акчасын алдап алып кетүүгө шектүү кармалды

Чүйдө бирөөнүн ири өлчөмдөгү акчасын алдап алып кетүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын январь айында райондук милицияга И.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, С.К. аттуу жаран Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагындагы 82 гектар жер тилкесин алуу учурунда, жердин документтерине жардам берүү үчүн 27 миң доллар акча алган. Бирок ал андан кийин байланышка чыккан эмес.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, 18-мартта аталган кылмышка шектүү катары 43 жаштагы С.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан