17-мартта кинорежиссёр Руслан Акундун дагы бир эмгегинин - ар бир көрүүчүнүн көңүлүнөн орун алчу, жашоодо болуп жаткан көйгөйлөрдү чагылдырган "Нелегал" киносунун жабык көрсөтүүсү болду.
Мыйзамсыз жол менен Америкага өтүп жүргөн жарандарды укчубуз, бирок кантип барат, кандай кыйынчылыктан өтүшөт, толук билбейт болчубуз. Ошол окуяны, бир туугандык мамилени камтыган эң мыкты кино "Нелегал" 19-марттан баштап бардык кинотеатрларда.
"Бул тасманын сценарийин "Бейиш эненин таманында" тасмасын тартып жаткан учурда жазгам, эки жарым жылдан кийин жарык көрдү. Бул тасма кайсыл мамлекетке болбосун мыйзамдуу түрдө барыш керек деген нерсени көрсөтүп турат. Бирок мындан да башка көптөгөн баалуулуктарды камтыган",- деген “Нелегал” тасмасына тартылган Эмил Эсеналиев.