Эртең, 20-мартта Бишкек шаарында 50 автобус жүргүнчүлөрдү бекер ташыйт. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, майрамга карата муфтийдин демилгеси менен борбор калаадагы №38 жана №203 автобустары саат 05:00дөн 12:00 гө чейин жүргүнчүлөрдү бекер ташыйт.
"Аянтта окула турган айт намазга келген жана кайткан шаар туургундарын, конокторун эки линиядагы 50 автобуска бекер каттам уюштурдук",- деп билдирди муфтий.