Биз социалдык тармакта

Бишкек - Күн-Туу - Шопоков унаа жолу 4 тилкеге чейин кеңейтилет

Бишкек - Күн-Туу - Шопоков унаа жолу 4 тилкеге чейин кеңейтилет. Бул тууралуу 19-мартта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда жолдун 0-3,9 чакырым аралыгында жол четине бордюрлар орнотулуп, аталган айылдын ичиндеги тротуарларга асфальт төшөлүүдө.
Мындан тышкары, заманбап жарыктандыруу системи орнотулуп, кыйылган бак-дарактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулат.
Унаа жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырым. Анын 6,7 чакырымына былтыр асфальт-бетондун биринчи катмары төшөлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан