
Чүй облусунда экстремисттик материалдарды таратууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалым болгондой, 9-февралда Фейсбук социалдык тармагында жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө Аза Асанбеков аттуу аккаунттун колдонуучусу өлкөдө тыюу салынган экстремисттик уюмдардын идеяларына окшош материалдарды таратып жаткандыгы аныкталган.
Бул факт каттоого алынып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу) боюнча кылмыш иши козголду. Натыйжада 1987-жылы туулган Ш.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө уланууда.