Биз социалдык тармакта

Чаек айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл өкмөтүндө жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу 19-мартта Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айыл өкмөттүн жооптуу кызмат адамдары 2022-2023-жылдар аралыгында калктуу конуштар аймагынан жалпы аянты 2,35 гектар болгон жер тилкелерин жарандарга мыйзамсыз жеке менчикке бөлүп беришкен.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-берене (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан