Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен 19-мартта берген маалыматына ылайык, Кыргызстандын аймагынан 1985-жылы туулган Б.С. аттуу Өзбекстандын жараны кармалды.
Кармалган жаран эл аралык издөөдө экени жана оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн Интерполдун Улуттук борбордук бюросу аркылуу өзгөчө кооптуу кылмышкерлердин реестрине киргизилгени аныкталды.
Учурда зарыл болгон ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда.