Ош шаарында көрүстөндөрдү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан 2025-жылы рекультивацияланган көрүстөндөрдүн ордуна көчөттөр отургузулат.
Учурда Хохлова көрүстөнүндө 4 гектардан ашуун аймакта жер кыртышы калыбына келтирилип, атайын техникалардын жардамы менен тегиздөө иштери жүрүп жатат.
Белгиленгендей, 2025-жылы Ош шаарында 10дон ашуун көрүстөн рекультивациядан өткөрүлгөн.