
Балыкчы–Кочкор темир жолунун курулуш тилкесинде бургулоо-жардыруу иштеринин акыркы этабы жүргүзүлдү. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
Маалым болгондой, жалпысынан бул иштер темир жолдун 37-чакырымынан 43-чакырымына чейинки 13 тилкеде жүргүзүлдү. Алгачкы жардыруу 2024-жылдын июль айында аткарылып, жалпы 100 жардыруу жүргүзүлдү.
"Бургулоо-жардыруу иштеринин бардык мезгилинде коопсуздук эрежелеринин талаптары катуу сакталды. Адамдардын же малдын жаракат алуусу, ошондой эле жакын жайгашкан имараттардын, анын ичинде турак үйлөрдүн бузулушу боюнча бир да учур катталган жок", - деп белгиленген маалыматта.
Эскерте кетсек, Балыкчы–Кочкор темир жолунун жалпы узундугу 63,4 чакырымды түзөт.