Биз социалдык тармакта

БУУнун башкы кеңсесинде Нооруз майрамы белгиленди

Бүгүн, 18-мартта Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун башкы кеңсесинде Нооруз майрамына арналган салтанаттуу кабыл алуу өттү. Бул тууралуу БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чараны Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгү Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен биргеликте уюштурду.

Салтанатка ардактуу конок катары Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышып, Нооруз Борбор Азия элдерин бириктирген маанилүү майрам экенин белгиледи. Ал өз сөзүндө аймактагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташууну бекемдөөнүн маанисине токтолду.

Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн БУУдагы туруктуу өкүлдөрү сөз сүйлөп, Ноорузду тынчтыктын, коңшулук ынтымактын жана туруктуу өнүгүүнүн символу катары баалашты.

Иш-чарага БУУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү, Катчылыктын кызматкерлери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Коноктор үчүн музыкалык программа уюштурулуп, комузда аткарылган чыгармалар өзгөчө маанай тартуулады. Мындан тышкары, Борбор Азия элдеринин улуттук тамак-аштары сунушталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан