Бүгүн, 19-март күнү Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин алдында түзүлгөн Жаштар кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Анда жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү демилгелер талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө Марлен Маматалиев парламент жаштар менен туруктуу байланыш түзүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Анын айтымында, жаңы түзүлгөн Жаштар кеңеши жаштардын демилгелерин колдоого алып, аларды мыйзам чыгаруу процессине активдүү тартууну көздөйт.
Иш-чарада Жаштар кеңеши сунуштаган «Жаш кадрлар мектеби» долбоору да тааныштырылды. Бул демилге жогорку окуу жайларынын студенттерине жана 35 жашка чейинки жаш адистерге мамлекеттик башкаруу жана мыйзам чыгаруу тармагында практикалык тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле Төрага өнөктөштөрдү кызматташууга чакырып, мындай долбоорлорду ишке ашырууда каржылык жана институционалдык колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.
Депутат Табылды Муратбеков жаштар саясаты формалдуу эмес, реалдуу натыйжа бере турган механизм болушу керектигин баса белгиледи. Ал эми БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлү Александра Соловьева жаштарды колдоо багытындагы кызматташтыкты улантууга даяр экенин айтты.
Жыйындын соңунда Жаштар кеңешинин алкагында экология, ишкердик жана калктын аярлуу катмарына байланышкан комитеттерди түзүү сунуштары да көтөрүлдү.