Биз социалдык тармакта

Бишкекте коомдук транспортто жол акыны текшерүү күчөтүлдү

Бишкек шаарында коомдук транспортто жол акыны төлөө тартибин көзөмөлдөө боюнча рейддер уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.

Текшерүүлөр Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти, Бишкек шаардык транспорт жана "Тулпар" ишканаларынын кызматкерлери тарабынан биргелешип жүргүзүлүүдө.

Рейд учурунда төмөнкү жагдайлар көзөмөлгө алынууда: жүргүнчүлөрдүн жол акыны төлөөсү, билет (талон) алуу тартиби, аялдамаларда токтоп турган унаалардын коомдук транспортко тоскоолдугу.

Маалыматка ылайык, күн сайын текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жол акысын төлөбөгөн 10–20 жүргүнчү аныкталып, ар бирине 1000 сом айып пул салынып, протокол түзүлүүдө.

Департамент жарандарды 20 сомдук жол кирени өз убагында төлөп, милдеттүү түрдө билет алууга чакырат. Ошондой эле айдоочуларга аялдамаларда негизсиз узак токтоп турбоо жана кыймылга тоскоолдук жаратпоо эскертилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан