Ош шаарында 23-марттан тарта жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу калаа бийлиги билдирүү таратты.
Тиешелүү буйрукка шаар мэри Жанарбек Акаев кол койду.
Белгилесек, жылуулук абанын температурасы беш күн катары менен 8 градустан жогору болгон учурда өчүрүлөт.