Биз социалдык тармакта

Өлкөдө "Жаштар стажировкасы" программасы ишке ашканы турат

Эмгек министрлиги Дүйнөлүк банктын колдоосу менен "Жаштар стажировкасы" программасын ишке ашырууда. Бул программа 16 жаштан 35 жашка чейинки жарандарга алгачкы эмгек тажрыйбасын алууга көмөктөшөт. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, программа буга чейин 30 пилоттук шаар жана райондо ишке киргизилген. Катышуучулар стипендия алышат жана стажировканын жыйынтыгында туруктуу жумушка кабыл алынышы мүмкүн.

"Кыргызстанда жаш кадрлардын тартыштыгы байкалууда, бирок компаниялардын болжол менен 24,5 пайызы жаштарды жумушка алуу боюнча максаттуу ыкмаларды азырынча колдонбойт, ал тургай адистер жетишсиз болгон аймактар да. Өлкө боюнча эң кеңири колдонулган инструменттер стажировка жана практика бойдон калууда. Аларды компаниялардын 40,7 пайызга чейинкиси пайдаланат. Чүй облусунда көрсөткүч 15,2 пайызды түзөт. Жаш кызматкерлерди өнүктүрүүгө болгон кызыгуу акырындык менен өсүүдө: мындай мүмкүнчүлүктөрдү Бишкекте иш берүүчүлөрдүн 25,4 пайызы, ал эми Талас жана Чүй облустарында 22 пайыздан ашыгы сунуштайт",- деп белгиленет маалыматта.

Стажёрлорду тартууну каалаган иш берүүчүлөр Эмгек министрлигине байланышса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан