Биз социалдык тармакта

Ош шаарында 75 мечитте Орозо айт намазы окулду

Бүгүн, 20-мартта Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов “Алай” атындагы Аль-Бухари мечитинде Айт намазына катышып, жалпы эл-журтту Орозо айт майрамы менен куттукташты.
Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, шаар башчысы өз сөзүндө бул улуу майрам кечиримдүүлүк, мээримдүүлүк, айкөлдүк жана берешендик сыяктуу асыл сапаттарды даңазалап, адамдарды боорукерликке, сабырдуулукка жана кайрымдуулукка үндөй турганын белгиледи. Ошондой эле Орозо айт ар бир үй-бүлөгө кубаныч, жакшылык алып келип, шаарыбызда жана мамлекетибизде тынчтык өкүм сүрүп, өнүгүү улана беришин каалады.
Аны менен катар эле Ал-Бухари - “Алай” мечитинин ордуна заманбап талаптарга ылайык жаңы мечиттин курулушуна старт берүү үчүн мал союлуп, бата берилди.
Белгилей кетсек, Ош шаарында жалпы 75 мечитте Орозо айт намазы окулду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан