
Чүй облусунда алдамчылык фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 13-январда И.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында, С.К. аттуу жаран Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагында 82 гектар жер участок алуу учурунда, ошондой эле Лесхоздо 200 гектар аз колдонулган жерлерди документтештирүүдө мыйзамдуу жардам көрсөтүү ниетин билдирип, алдоо жолу менен арыз ээсинен 27 миң долларын алганын билдирген. Ал андан кийин байланышка чыкпай койгон.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Натыйжада 1983-жылы туулган С.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.
Милиция дагы жабыркагандар болсо 0700 61 69 07, 0312 616 907 байланыш номурларына кайрылса боло тургандыгын билдирди.