Бишкекте жол ортосунда мушташкан айдоочулардын бири аныкталды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 19-мартта Лев Толстой жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. 26 жаштагы айдоочуга Укук бузуулар кодексинин 122-беренеси (Майда бейбаштык) менен протокол түзүлгөн.
Райондук милиция учурда экинчи айдоочу изделип жатканын кошумчалады.