Бүгүн, 20-мартта өлкө боюнча айыл чарба каттоосу башталды. Бул тууралуу улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев "Биринчи радиого" билдирди.
Ал жарандарды так маалымат берүүгө чакырды.
"Айыл чарба каттоосу электрондук вариантта 10-апрелге чейин өтөт. Айыл чарбасында канча жер, мал, техника бар жана айыл чарбага тиешелүү болгон нерселер катталат",- деди Жумалиев.
Ал ошондой эле берилген маалыматтардын купуялуулугу сакталарын кошумчалады.