Биз социалдык тармакта

Бишкекте коопсуздук эрежелерин бузган курулуш компаниясына айып салынды

Бишкек шаарында курулуш иштеринде коопсуздук талаптарын сактабаган компания жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-март күнү Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин дарегине Малдыбаев көчөсү, 269 дарегинде жайгашкан курулуш объектинде коопсуздук эрежелери бузулуп жаткандыгы тууралуу видео кайрылуу келип түшкөн.

Бул маалыматтын негизинде Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузууларды аныктады. Тактап айтканда, объектте “Курулуштагы эмгекти коргоо жана коопсуздук” талаптары сакталган эмес.

Жыйынтыгында “Бест Хаус гранд” ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Министрлик бардык курулуш компанияларын мыйзам талаптарын так сактоого чакырып, коопсуздук эрежелерине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын эскертти.

Ошондой эле жарандар курулуштагы мыйзам бузууларды байкаса, фото же видео далилдерди ишеним телефону аркылуу жөнөтө алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан