Биз социалдык тармакта

Ошто "Номад ТВ" кыргыз улуттук оюндар аянтчасын ачат

20–30-март күндөрү Ош шаарында "Номад ТВ" телеканалы майрамдык иш-чаралардын сериясын уюштуруп, шаардын борборунда кыргыз улуттук оюндарына арналган атайын аянтчаны ачат.

Нооруз майрамын утурлай Ош шаарынын борбордук аянтында "Номад ТВ" тарабынан өзгөчө көңүл ачуу аймагы уюштурулат. Түштүк борбордун тургундары жана коноктору кыргыз элинин салттуу оюндарын көрүп гана тим болбостон, өздөрү да катыша алышат. Аянтчада таяк тартыш, кол күрөш, аркан тартыш, тогуз коргоол жана ордо сыяктуу улуттук оюндар өткөрүлөт. Мындан тышкары, күч сынашууну жактыргандар үчүн армрестлинг бурчу да даярдалат. Катышуучулар өз күчүн сынап, "Номад ТВ" телеканалынын атайын белектерин утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Уюштуруучулар майрамдык маанай түзүүгө өзгөчө көңүл бурушкан. Аянтчада заматта сүрөт чыгарып берген фотозона, ошондой эле 360 градус форматында видео тартууга мүмкүн болгон панорамалык зона иштейт. Майрамдын эң кызыктуу учурлары эстеликке сакталат.

Ошондой эле оюн аянтчасынын жанында "Номад ТВ" медиазонасы жайгашат. Бул жерде маектер жазылып, интерактивдүү программалар уюштурулуп, коноктор менен түз байланыш жүргүзүлөт. Ош шаарынын тургундары телеберүүлөрдүн жана түз эфирлердин кандайча даярдалганын өз көзү менен көрө алышат.

"Бул Ноорузду оштуктар менен бирге тосуп жатканыбыз биз үчүн чоң мааниге ээ. Биз салттуу оюндарды ойнойбуз, түштүк аймагынын тургундарына жакын темаларда баарлашабыз жана албетте, Нооруздун башкы даамы болгон сүмөлөктөн даам татабыз. Ош шаарынын мэриясына жана мэр Жанар Акаев мырзага колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мындай учурлар бизди бириктирет", - деп белгиледи "Номад ТВнын" башкы редактору Наталья Кролевич.

Негизги майрамдык иш-чаралар 21–22-март күндөрү, элдик сейилдөөлөрдүн эң кызуу маалында өтөт. Бул күндөрү аянтча эң кеңири форматта иштейт. Ал эми 30-мартка чейин калган күндөрү аймак ишин улантып, айрым иш-чаралар сакталат.

Аянтчага кирүү жана бардык оюн-зоокторго катышуу акысыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан