Нарын шаарынын мэриясы калаанын борбордук бөлүгүнүн инфраструктурасы жакшыртылганын кабарлады.
Маалымдалгандай, С.Жакыпов атындагы смарт паркка жаңы заманбап көрк берүүчү жабдуулар, жаныбарлардын, мультфилим каармандарынын инсталиациялары орнотулган.
Ошондой эле шаардын борбордук бөлүгү заманбап ыкма менен жаңыртылып, тоголок ЛЭД экран орнотулуп, аянттын абалы жакшыртылган.
Айта кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамын нарындыктар менен тосот.