Биз социалдык тармакта

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Нарын облусуна барат

Өлкө башчы Садыр Жапаров иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
"Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта бир күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат. Сапардын алкагында Мамлекет башчысы жаӊыланууну, биримдикти жана каада-салттардын уланышын чагылдырган байыркы элдик Нооруз майрамын белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат.
Президент ошондой эле Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратын ачат", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан