Жалал-Абадда 2013-жылдын 12 ай ичинде диний экстремизмге байланышкан 43 факты аныкталды. Алардын 31ине кылмыш иши козголуп, 523 адам каттоого алынды. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалгандардан «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун идеяларын таркатуучу 971 буюм, китептер, баракчалар, дисктер, аудио-видео кассеталар, кол жазма дептерлер, мобилдик телефондор далил зат катары алынган.
Ал эми ушул жылдын январь айында Жалал-Абад ОИИБинин 10-бөлүмүнүн жана Аксы, Базар-Коргон РИИБинин милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүүсүнүн натыйжасында «Хизбут-Тахрир» уюмуна байланышкан 4 факт аныкталып, 3 адам кармалды жана «Мухторат», ОНГ, «Ислом Давлати», «Вой Халифамей» аталыштарындагы 7 даана китепче, 8 даана баракча жана 1 даана флешка алынды.
Ушул жылдын 14-январында саат 15:30 чамасында Аксы районунун Мамай айылы аркылуу мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн Өзбекстандын Маргелан шаарынын тургуну, 1987-жылы туулган Ш.Улугбеков кармалып, көтөрүп жүргөн баштыгынын ичинен 2 даана баракча табылды. Ошондой эле 20-январь күнү Базар-Коргон районунун тургуну, 1980-жылы туулган Э.К. кармалып, анын автоунаасынан жана үйүнөн 5 даана китеп, 6 даана баракча, 1 даана флешка табылды. 21-январь күнү Сузак районунун тургуну, 1962-жылы туулган Ж.Ш. дан 2 даана китепче алынды.
Учурда жогорудагы кармалган жарандардын үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.