Транспорт министри Талантбек Солтобаев Чүй жана Нарын облустарына болгон иш сапарынын алкагында Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун абалын текшерди.
Транспорт министрилигинин маалыматына караганда, текшерүүдө айрым жол белгилери жараксыз абалга келгени аныкталып, министр тиешелүү кызматтарга жол белгилерин тез арада алмаштыруу боюнча тапшырма берген.
"Жол коопсуздугун камсыздоо максатында бардык тилкелерде кошумча текшерүү жүргүзүлүп, эскирген, жараксыз абалга келген белгилер жаңыланат", - деп айтылат маалыматта.