Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Нарындан чыккан атактууларды санады

Өлкө башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен Нарын шаарынан куттуктап жатып, Теңир-Тоо жергесинен чыккан атактууларга токтолду.

"Каада-салтын кымбат тутуп, сактап келе жаткан кутман элдин арасынан чыккан атактуу инсандарды атабай туруп, аларды аттап өтүп кетсем туура эмес болор.

Батасы журтту байыткан олуязаада Кошой бабабыз, кыргыздын башкы касиети – “Манас” дастанын муундан муунга руханий азык кылып айтып келген Тыныбек Жапый уулу, Сагымбай Орозбаков, Шапак Рысмендеев, Тоголок Молдо сыяктуу залкар манасчылар, Атантай, Тайлак, Качыке, Ормон хан, Ажыбек өңдүү баатырлар, мамлекетти түптөгөн Ишеналы Арабаев, Баялы Исакеев, Сатыбалды Нааматов аталар, алардан кийинки Турдакун Усубалиевдей мамлекеттик жана саясий ишмерлер, Арстанбек, Молдо Кылычтай даанышман олуялар, Дүрбөлөң Мамбетов, Үсөн Асанов, Асанбек Таабалдиевдей илимпоздор, Муса Баетов, Калый Молдобасанов, Мидин Алыбаев, Эсенгул Ибраев, Мыскал Өмүрканова, Муратбек Рыскулов, Таттыбүбү Турсунбаева, Жумамүдүн Шералиев, Кеңеш Жусупов жана башка көптөгөн маданият менен адабияттын алптарынын киндик кан тамган жери – дал ушул Теңир-Тоо аймагы болот.

Орошон окумуштуу Советбек Байгазиев таамай белгилегендей, бул инсандар – Теңир-Тоонун көркүн чыгарып, алыстан заңкайып көрүнүп турган “рухий тоолор", - деди президент.

Садыр Жапаров Нарындан чыккан атактууларды санады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан