Биз социалдык тармакта

Президент Нарындын ИДПсы 224 пайызга өскөнүн билдирди

Акыркы беш жыл ичинде Нарын облусунун ички дүң продукциясы эки эседен ашык өстү. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров Нарын шаарындагы иш сапарында айтты.

"Облустун ИДПсы 2020-жылы 18 миллиард сомду түзсө, 2025-жылы 40 миллиард сомго жетип, өсүү темпи 224 пайызды түздү. Өзүңүздөр байкагандай, бул – эки эседен ашык өсүш дегенди билдирет.

​Өнөр жай продукциясынын көлөмү беш жыл аралыгында 5,7 эсеге өсүп, 2021-жылы 30 гана ишкана ачылса, 2025-жылы 134 ишкана ишке кирген. Алардын негизинде кошумча жүздөгөн жумуш орундары түзүлгөн.

​Бүгүнкү күндө облустун курулуш, жол, ирригация жана таза суу тармактарында 21 миллиард сомдук жумуштар жүрүп жатат. ​Курулуш тармагында эле учурда 143 курулуш объектиси салынууда. Соңку беш жылда мектеп, бала бакча, оорукана баштаган жалпысы 51 социалдык объект пайдаланууга берилди. Нарында 5 жылда 259 чакырым жолго асфальт төшөлсө, анын 135 чакырымы былтыркы жылы басылды", - деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан