Кыргызстанда мектептердин 60 пайызы компьютер менен жабдылганын Билим берүү жана илим министринин орун басары билдирди
"Кыргызстандагы мектептердин 60 пайызы керектүү сандагы компьютер менен камсыздалган". Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда ЖКнын Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева маалымдады. Анын айтымында, көпчүлүк мектептерде окуу процессин камсыздоого компьютер жетишпейт. Жыйында депутаттар "Жаш мугалимдин депозити" программасы иштебей жатканын айтышып, министрдин орун басары аталган программа токтотулганын айтты. Ал эми депутат Ахматбек Келдибеков Билим берүү министрлигинин жетекчилигинде иштегендердин жоопкерчилигин кароо сунушу менен өкмөт башчыга кайрылуу жолдоону сунуштады. "Балдар чатырларда окубай калышты" деп бир нече жолу айтышкан. Бирок дагы деле 4-5 мектептин окуучулары чатырларда окуп жатышат" деди Келдибеков.