"Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө, айрым мамлекеттердин чек араларында болуп жаткан окуялардын фонунда, Кудайга шүгүр, Кыргызстанда туруктуулук орноп, чек араларыбыз толук чечилип, өнүгүү жолуна түштүк". Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров Нарын шаарындагы иш сапарында билдирди.
"Калайык-калкыбыз багыт алган курсубузду колдоп-коштоп, эл менен бийлик эриш-аркак жаңы Кыргызстанды курууга белсендик. Ийгиликтердин башаты – биримдикте, ынтымакта жана туруктуулукта.
Кыргызстандын кубаттуу өлкөгө айланышы үчүн эң ириде аң-сезимибизде бурулуш жасап, мекенчил болууга, илим-билим алууга жана мамлекеттин экономикасын күчтөөгө жан үрөшүбүз керек. Мынакей, ИДПнын өсүү темпин 11 пайыз деңгээлинде кармап, консолидацияланган бюджетибизди 1,1 триллион сомго жеткирип алдык", - деди президент.