Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Нарын шаардык милициясынын имаратын ачты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта Нарын шаарынын ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Маалымдалгандай, 4 кабаттуу 1500 чарчы метрди түзгөн имарат 1 жыл 7 айда салынып бүткөн. Ошондой эле президент онлайн өлкө аймагындагы бир катар милиция бөлүмчөлөрүнүн ачылышына да старт берген.

"Ошону менен бирге бүгүнкү иш-чарада Ички иштер министрлигине тиешелүү дагы 26 объектини онлайн ачып, аларды дагы ишке киргизебиз.

Анын ичинде, Нарын облусунда мындан башка дагы 6 жерде, Ат-Башы жана Нарын райондорунда милициянын айылдык бөлүмчөлөрү ачылууда. Мындай имараттар бүгүн онлайн режимде Баткен, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарында ачылып, ишке киргизилип жатат", - деди мамлекет башчысы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан