Садыр Жапаров Нарын шаарында жетекчилерге тийиштүү тапшырмаларды койду
Кечээ, 21-мартта өлкө башчы Садыр Жапаров Нарын шаарында болуп, Нарын облусунун өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Маалымдалгандай, президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров негизги тармактарда жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берген. Ал Жумгал районунда "Түгөл-Сай" жана Кочкор районунда "Шамшы" суу сактагычтары, ошондой эле Нарын районунда "Куланак" каналынын курулуш иштери тууралуу маалымат айткан.
Мамлекет башчысы сунушталган долбоорлорду жалпысынан колдоп, Нарын облусунун өнүгүшү системдүү жана алдыга умтулган мүнөздө болушу керектигин, жакынкы келечекте калк үчүн конкреттүү жана сезилерлик натыйжалар болушу керектигин баса белгилеген. Президент мурда башталган объектилерди сөзсүз түрдө аяктоону тапшырган.
Айта кетсек, быйыл Нооруз майрамына арналган негизги иш-чара Нарын шаарында өттү. Ага Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге катышты.