Жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана айдоочулардын жүрүм-турум маданиятын жакшыртууну көздөгөн мыйзам долбоору сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев иштеп чыккан долбоор парламенттин сайтындагы коомдук талкууга коюлду.
Документе акыркы жылдары өлкөдө, айрыкча шаарларда айдоочулардын ортосунда жаңжал чыккан учурлар көбөйүп жатканы, мындай аракеттер жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугуна коркунуч жаратары белгиленген. Андыктан долбоор мушташка катышкан айдоочуларга чараларды күчөтүүнү көздөйт.
Мыйзамдын долбоорунда жаңжалга катышкан айдоочуга 10 миң сом айып пул салуу каралган. Эгер айдоочу тарабынан аталгандай жосун бир жыл ичинде кайталанса, анда аны айдоочулук күбөлүгүнөн 6 айга ажыратуу сунушталат.