Бишкекте Toyota Estima үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна чара көрүлдү. Бул тууралуу Кайгуул кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-мартта болжол менен саат 04:00 чамасында ал жол тескөөчүлөрдүн тосконуна токтобой качып жөнөгөн. Кызматтык унаа менен кууганда айдоочу ылдамдыкты саатына 150 чакырымга жеткирген. Акыры ал кармалган.
Анын мас абалда экени жана айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганы аныкталды. Натыйжада унаа айып короого киргизилип, айдоочуга карата укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн. Айдоочу өзүн Кожожаш деп тааныштырат.