Биз социалдык тармакта

ТИМ АКШда кармалган кыргызстандык боюнча маалымат берди

АКШда жол кырсыгына шектелип кармалган кыргызстандыкка расмий айтыптар тагылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, учурда адвокат ишти укуктук жактан коштоо иштерин жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрүүдө. Кыргызстандын АКШдагы чет өлкөлүк мекемелери адвокат менен туруктуу негизде, анын ичинде онлайн форматта жолугушууларды өткөрүп, жарандын өзү жана анын жакындары менен байланышта болуп жатат.

Ошондой эле бул маселе боюнча компетенттүү органдар менен өз ара аракеттенүүдө. Маселе министрликтин көзөмөлүндө.

Эске салсак, кыргыз жараны февраль айында АКШнын Индиана штатындагы жол кырсыгына шектүү катары кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан