24-мартта Бишкектин Жибек Жолу проспектинин түштүк бөлүгү Кулиев көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки тилке унаа кыймылы үчүн жабылат.
Мэрия бул аймакта канализациялык коллекторду куруу-монтаждоо иштери жүргүзүлөрүн билдирди.
"Бишкексууканал" ишканасы шаар тургундарын жана конокторун жол каттамдарын жол кыймылын алдын ала пландаштырууга чакырат.