Тажикстандын аймагында 22-мартта саат 11:30да күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун расмий сайтында көрсөтүлөт.
Жер силкинүүнүн очогу Ак-Суу айылынан 18 чакырым түштүк-батышта, Коммуна айылынан 20 чакырым түштүк батышта, Раззаков шаарынан 28 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Ак-Суу жана Коммуна айылдарында жер титирөө 3 баллга чейин сезилген.