Биз социалдык тармакта

Улан Ниязбеков коомдук жайда тамеки чеккени үчүн айып пул төлөдү 

Ички иштер министри Улан Ниязбеков кромдук жайда чылым чеккени үчүн айып пул төлөдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирип, айып пулдун дүмүрчөгүн жарыялады.

Министрлик мыйзам талаптарын так сактоо кызмат ордуна карабастан бардык жарандар үчүн милдеттүү экенин баса белгиледи.

"Бул факт боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте протокол түзүлүп, айып пул төлөндү",- деп билдирди ИИМ.

Белгилей кетсек, буга чейин Улан Ниязбековдун коомдук жайда тамеки чегип турганы тартылган видео тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан