Биз социалдык тармакта

Аракчи БУУну АКШ менен Израилди компенсация төлөп берүүгө мажбурлоого чакырды

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылып, АКШ менен Израилди Ирандын өзөктүк объекттерине жасаган чабуулу үчүн компенсация төлөп берүүгө мажбурлоого чакырды.

"Жекшемби күнү Аракчи БУУнун башчысына жана Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кат жазды. Анда ал Ирандын жарандык өзөктүк объекттерине жасалган соңку кол салууларды аскердик кылмыш жана эл аралык тынчтыкка каршы агрессия катары баалады",- деп жазды Fars агенттиги.

Аталган катта Натанздагы объекттерге жана Бушер атомдук электр станциясына жакын аймактарга жасалган чабуулдар үчүн Иран толук компенсация алышы керек деп айтылат.

Министрдин пикиринде, бул объекттерге кол салуу БУУнун уставын, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) жана эл аралык укуктун милдеттүү нормаларын бузат.

Агенттиктин маалыматына караганда, катта Аббас Аракчи Коопсуздук кеңешинен Израилдин режимин өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине кошулууну талап кылууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан