Ош шаарындагы Сулайман-Тоо музей-комплексинин корук аймагындагы көрүстөндөрдү ирээтке келтирүү жүргүзүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирип, атайын комиссия түзүлгөнүн белгиледи.
Маалым болгондой, комиссиянын курамына министрликтин өкүлдөрү, Ош шаардык мэриясы жана кеңеши, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, имам-хатибдер, ОшМУнун окумуштуулары жана музей адистери кирди. Алар министрдин орун басары Союзбек Надырбеков төрагалыгында иш алып барат.
"Комиссия корук аймагындагы тарыхый-маданий мурастарды сактоо менен бирге санитардык-экологиялык абалды жакшыртуу, өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана аймактын эстетикалык көрүнүшүн иретке келтирүүнү карап чыгышат. Жыйынтыгында комплекстүү план иштелип чыгып, көрүстөндөрдөгү талапка жооп бербеген элементтер демонтаждалат. Иш башталар алдында дин башкармалыгынын фатвасы алынат", - деп белгиленген маалыматта.