Биз социалдык тармакта

Аламүдүндө рейд өтүп, мыйзамсыз курал-жарактар алынды

Чүй милициясы кабарлагандай, 17-марттан бери Аламүдүн районунун аймагында «Арсенал» аттуу ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө.
Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында бүгүнкү күнгө карата мыйзамсыз жүгүртүүдөн 58 даана курал алынган. Алар:
  • сайлуу – 5 даана,
  • сайсыз – 41 даана,
  • газ-травматикалык курал – 11 даана,
  • сыйлыкка берилген – 1 даана.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында куралды сактоо жана колдонуу эрежелерин бузган аңчыларга карата мыйзамга ылайык 93 миң сомду түзгөн айып пул салынган. Анын ичинен 54 миң сом өндүрүлгөн.
Аламүдүн РИИБи курал ээлерин белгиленген сактоо эрежелерин так сактоого жана уруксат берүүчү документтердин мөөнөтүн өз убагында узартууга чакырат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан