Бишкек шаарында 1-апрелден 10-майга чейин ысык суу берүү токтотулат. Бул тууралуу 23-мартта калаа бийлиги өткөргөн жыйында маалым болду.
Ага ылайык, ысык сууну өчүрүү жыл сайын жылуулук тармактарын жана жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында жүргүзүлөт.
Эске салсак, былтыр борбор калаада ысык суу берүү 21-апрелден 31-майга чейин өчүрүлгөн.