Бүгүн, 23-мартта Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нургазы Курманбековдун төрагалыгы алдында жылытуу мезгилин аяктоо маселеси боюнча штаб жыйыны болуп өттү.
Жыйынга муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү, Кыргызгидромет, Бишкек мэриясынын билим берүү департаменти, «НЭСК» ААКнын Бишкек ПЭС филиалы, ошондой эле Бишкек шаарынын МСЭКБ өкүлдөрү катышты.
Бул жыйындын жыйынтыгында 25-мартта жылытуу мезгилин аяктоо чечими кабыл алынды.
Жылытуу мезгили аяктагандан кийин муниципалдык кызматтар кийинки жылытуу сезонуна даярдык иштерин башташат. Анын ичинде оңдоо жана профилактикалык иштер жүргүзүлөт.
Эске салсак, борбор калаага жылуулук 2025-жылдын 3-ноябрынан тарта бериле баштаган.